Акыркы кошулгандар

«Манас таануу» интеллектуалдык телетаймашы «Сахаба» эс алуу багы Абдыкерим Муратов Абшыр-Ата Ак-Булак айылы аксакал алма алып сатар Апиза Кудайбердиева Арбын Асамидин Марипов Атактуулар базар базар баасы Бакыт Марипов бала-бакча Бекболот Айтиев Бел бел айылы Блогдор Борбаш бшк Видео Гайвали Эргешов ГЕС добуш Жаңы-Ноокат Жаңылыктар Жар-Коргон Жаркынай Оморбекова жарнама жарыялар Жаш талант Жеңеке Жийде Жийделик айылы Зайнабидин Мамасадыков Зулмамат Нараев Исрадин Матишев Какыр айылы Кандалат Мурзакматова Каныбек Пирматов Каранай Кеңеш айыл өкмөтү Көк-Жар айылы Көк-Сары-Каңды Көпүрө Көтөрмө айылы Кутманбек Турсункулов Куу-Майдан Күңгөй-Кожеке күрөш күрүч Кызыл-Булак айылы Кыргыз-Ата айыл өкмөтү Кыргыз-Ата айылы кырсык Мавлид Маек майрам мал базар Мамазияр Каратаев Маматкасым Турдубаев мамлекеттик ишмер Марипов Улукбек медиа мектеп музыка Муктар Маматалиев Н.Исанов Найман айылы Найман суу сактагычы Насиридин Исанов Ниязбек Козуев Новости Ноокат району Ноокат шаары Нурбек кары Орунбаев Нуржамал Исмаилова Нурлан Асанов Нурмухаммед Топчубек уулу Он-Эки-Бел айыл аймагы Өмүрбек Тургунбаев Пазилат эне Президенттин аппараты Русский Саид Баюми Сайкал Исламидин кызы Самидин кары Атабаев сел сот имараты спорт суу түтүкчөсү Тажи Тагаева таза суу Талантбек Эргешов талаш жер тарых Тескей-Кожеке Төрөбай ажы Зулпукаров Төрөбай Зулпукаров Тынчтыкбек Бекташ уулу Фоторепортаж Чегеден Чеч-Дөбө Чыңгыз Асанбек уулу шайлоо Шайлоо-2015 Шанкол экономика Элдик жаңылыктар Эркин уулу Айбек ЮНИСЕФ ads blog carousel City Computer Cuisines Destination famous Fashion fb featured1 Foods Gallery janylyk media Music People Phones photo Photography Server slideshow Speaker Tablets Tech Travel Trends Video Wedding World News

Ноокат районундагы Кара-Таш айылынын тургуну Камила Исраилова 12 жыл мурун эки баласы менен Казакстанга барып, жергиликтүүлөргө кулчулукка сатылган. Бир тууган бөлөсүнө алданган эне 12 жылдан кийин өз жерине кайтып келгенин көзүнө жаш алып айтып берди. Казакстанга бирге кеткен 3 айлык кызы быйыл 12 жашка, ал эми 9 жаштагы уулу 21 жашка толду. Ар кимдин коюн кайтарып, апасына баш-көз болгон уулу Таабалды 21 жашка толгонуна карабай кат сабаты жоюлган эмес.
«Жолдошум менен ажырашып, 2 балам менен агамдын үйүндө жашап жаткам. 2005-жылы бир тууган бөлөм Айгүл Казакстанга барып иштеп келүү сунушун киргизди. Ал: "биз тамекиде иштейбиз, сен бизге тамак жасап, ашпозчу болосуң" деди. Мен ага ишенип, иштеп келейин деген ой менен Казакстанга бардым. Баргандан кийин уулумдун туулгандыгы тууралуу күбөлүгү менен менин паспортумду алып койду. Кызымдын күбөлүгүн жашырып калганга араң жетиштим. Андан кийин уулум экөөбүздү казактарга 60 миң теңгеге (казак теңгесинин 2006-жылдын май айындагы курсу менен 12 миң 600 сом) сатып жиберди. Мен бизди сатып алган кишилердин кирин жууп, малын кайтарып жүрдүм. 4 жыл өтө кыйналып жашадык. 2009-жылы дудук казак кишиге турмушка чыктым. Ал менин кызымды окутту. Ал эми, уулум көрүнгөндүн малын кайтарып жүрдү», - деди көзүнө жаш алган Камила айым.










Ошондой эле, уулу Таабалды көп кыйынчылыктарды көрүп, бутун трактор тебелеп кетсе дагы ооруканага барган эмес. Учурда суук түшкөн сайын буту ооруйт. Казакстанда ага тиешелүү 15ге жакын кой калганын айтты.
«Өгөй атам жакшы киши болчу. Бирок мени анын балдары батырышкан жок. Мен ар кимдин малын кайтырып, айына 8-9 миң теңгеге иштеп жүрдүм. Апам менен карындашыма дагы жардам берип турчумун. Көп жыл мал кайтарып жүрүп, бирок кыргыз көргөн жокмун. Бутумду трактор тебелеп кеткенде документим жоктугунан ооруканага кабыл алышкан жок. Өзүмдүн заарам менен гана бутумду айыктырдым. Ошондон кийин 4 ай иштебей үйдө жатып, ушул жылдын башында гана Баатыр деген кыргыз байкеге жолугуп калып, ага арманымды айттым. Анын жардамы менен өз өлкөмө келдик», - деди Таабалды. 

Таабалды менен апасы 2017-жылдын 19-апрелинде Кыргызстанга келишкен. Ал эми бир тууган карындашы Айгерим июнь айында окуу аяктагандан кийин келди. 5-класска чейин Казакстанда билим алган Айгерим өгөй атасы жакшы адам экенин айтты.
 «Мен тилден кыйналган жокмун. Эми кыргыз тилин үйрөнүп жатам. Казакстандагы атам мени жакшы көрчү. Акча сурасам дайыма берип турчу. Азыр бул жакта окуп жатам. Курбуларыма көнүп калдым. Классташтарым мени жакшы кабыл алышты», - деди ал. 


Алты саны аман кеткен жалгыз бой эненин учурда ден соолугу жакшы эмес. Таабалды да кекечтенип сүйлөйт. Анын өз атасы мындан 4-5 ай мурун көз жумганын кошумчалады. Жер тилке алып, үй курууну каалаган Таабалды атасынын үйүнө барса туугандары жакшы кабыл алган эмес.
«Жер алуу үчүн атама бардым. Бирок атамдын көзү өтүп кеткен экен. Туугандарым мени жакшы кабыл алышкан жок», - деп кошумчалады Таабалды. 
Таабалдынын бөлөсү Нурсултан Кудайберди уулу таежесин издеп, «Кайдасың?», «Жди меня» телеберүүлөрүнө чейин кайрылып, бирок таба албаганын билдирди.
«Таежемди алып кеткен Айгүл алардын дарегин айтпай келген. Кийин милиция кызматкери менен барганда гана казак кишиге турмушка чыкканын айтып, өгөй балдарынын телефон номурун таап берди. Андан кийин биз телефон менен сүйлөшүп жүрдүк. Быйыл кыргызстандык Баатыр байкенин жардамы менен суу бойлоп, 4 күн дегенде качып келишти. Документтери жоктугунан дарыяны кечип өтүүгө мажбур болушкан. Камила таежем сууга агып кетип, бир өлүмдөн калыптыр. Ал эми, кызы 2 айдан кийин Жогорку Кеңештин депутаты, Кара-Таш айыл өкмөтүнүн жардамы менен алынып келди. Учурда таежем менен бөлөмө паспорт алып бердик. Айыл өкмөт азырынча жер тилке жок экенин билдирди», - деди Нурсултан. 
Кара-Таш айыл өкмөтүнүн билдирүүсү боюнча, учурда кайрак жерди трансформациялоо иштери жүрүп жатат. Бул иштер аягына чыкса жерге муктаж жарандарга жер бериле турганын Кара-Таш айыл өкмөтүнүн жер боюнча адиси Бекмурат Баатыров билдирди.
«Бизде 675 адам жер алууга кезекке турушкан. 40 гектар кайрак жерди трансформациялоо иштери аяктаса, алкачкылардан болуп мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жер берилет», - деди Б.Баатыров. 
Таабалды кат сабаты жоюлбай калганына нааразы эмес. Анын башкы максаты — үй куруп, апасы менен карындашын багуу. Ал эми, бул үй-бүлөнү сызга отургузган бөлөсү Айгүлгө Ноокат ШИИБ тарабынан кылмыш иш коголуп, иш сотко өткөрүлгөн. Бирок кечээ, 11-сентябрь күнү айыл аксакалдарынын кийлигишүүсү менен арыздануучулар тосмо арыз жазганы белгилүү болду.



Ноокат районунун Кара-Кой айылында жаңы курулган 200 орундуу мечиттин ачылыш аземи болуп өттү. Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынан билдирген маалыматка ылайык, аталган аземге Ноокат районунун акими Давранбек Маматалиев, Т.Зулпуев айыл өкмөт башчысынын орун басары М.Рысбаев жана жергиликтүү тургундар катышты.

Мечит арабиялык демөөрчүнүн колдоосу менен курулду. Мындын тышкары, мечиттин курулушуна акча каражат жактан жардам берген Т.Зулпуев айыл аймагынын жашоочулары А.Акматов, И.Раимбабаев, У.Раимбабаев Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын ардак грамоталары менен сыйланышты.



Маркум Мурза Гапаровдун чыгармалары мезгил сыноосунан кыйналбай өтүп, ушу тапта экинчи жашоосун кечирүүдө. Мурза акенин колунан чыккан аңгеме повесттери, драмалык чыгармалары ушу азыр да эстетикалык жамалын жоготпой, нукура көркөм дүйнөнүн кайталангыс керемети кандай экенин ырастап келатат.
Бажырайган "Байчечек"
Кыргыз эл жазуучусу Мурза Гапаровдун (1936–2002) кайталангыс шедеврлеринин катарында “Байчечек” деген аңгемеси бар.
Мурзакенин чакан шедеври окуган сайын улам жаңы кырлары ачыла берчү, жөнөкөй баяндоо артына көп сырларды камтыган чыгарма катары окурмандардын кызыгуусун арттырып келатат. Чыгарманын аягында 1980-жыл деген кыскача эскертме коюлган.
Аңгеме алгач “Ала-Тоо” журналына жарыяланып, андан бери китептен китепке, жыйнактан жыйнакка чыгып, кыргыз адабиятындагы чакан эпикалык жанрдын мыкты үлгүсү катары баркы көтөрүлүп баратат. Анда козголгон тема менен проблема адатта глобалдык деген бийик сыпаттамага деле анчалык коошо бербейт.
Айылдан шаарга келип, улуттук каада-салттардан кыйла четкебирээк калган шаардык интеллигенттин ич дүйнөсүндө болуп өткөн “адеп-ыймандык өзгөрүү” чыгарманын сюжеттик-композициялык негизин түзөт.
Мезгил-шарты келсе өзгөрбөгөн эч нерсе жоктур, улуттук каада-салт деле ошол. Бирок да аны бекем сактап, аз-аздан катаал турмуш агымына жутулуп кетип жаткан эреже-талаптары бир четтен кетилип, башкача өң-түскө өтө бериши мыйзам ченемдүү нерсе го.
Мына ушул пенде баласынын жашоо-турмушун бир нукка салып, адам өмүрү, жашоо маңызы, адеп-ыйман, акыл-эс тутум сындуу түшүнүк, көз караштар барып-келип адамгерчилик деген бийик сыноого келип такалат.
“Байчечек” аңгемесинин баш каарманы Кыяс ушундай чоң сыноого туш келет. Непадам, Кыяс таянесинин оор абалда жатканын угуп, илимий ишин шылтоолоп Ноокатка барбай деле койсо болмок, жакындары анын абалын тушүнүү менен кабыл алмак. Анын үстүнө таянесинин бу жалгандан өтүп кеткенин ага айылдык почточу Жолдош аке деле ачык айтпай, элдик салттын эрежесин сактап жаман кабарды сыйкы баяндап отурбайбы.
- Адамдын өлүмү деген бул улуу нерсе да. Аны шак эле “баланча деген өлүп кетиптир, баланча" деп айтканга кыргыздын салт-санаасы жол бербейт. Баланча өлдү деген сөздү да айтпайт. "Бул дүйнөдөн көчүп кетиптир, катуу болуп жатат" деп башкача айтат. Элдик психологияны, элдик этиканы сакташ керек да, аны баарыбыз эле сактай албайбыз, - дейт Кыргыз эл жазуучусу Мелис Абакиров.
Шардык турмушка көнө түшкөн Кыяска ошондон таянесинин өлгөнүн айылдык почточу Жолдош аке айта албай отурбайбы.
Аңгеме беймаал убакта башкача чырылдаган телефон, кабар айтканы турган почточу Жолдош акенин Кыяс менен диалогунан башталат. Кыяс кемпирдин каза тапканын буйтатпай ачык айтпайбы деп почточуга капа, Жолдош аке болсо оор кабарды кантип жеткирүүнүн жолун таппай турат.
Байкалып калды окшойт, конфликт адеп-ыйман, каада-салт менен катардагы кабардан чыгууда. Илимий иштеринен бошоно албаган Кыяс почточу Жолдош акенин кайпытма сөзүнөн бир жаман иш болгонун туюп, айылына жөнөөгө кам урат.
Аңгемеде Кыястан башка окуяга активдүү катышкан каарман мына ушул почточу Жолдош аке эле. Калгандары - эпизоддук каармандар.
Автордун максаты деле белгилүү – шаардык болуп калган Кыястын какшып калган сезими кантип ойгонуп, “кудукка суу" жүгүргөнүн көрсөтүү. Кыястын сезимин какшытып кургап калган кудук, тоолорду басып жымжыртыкта жаткан кар – булардын баары символдук мааниге ээ көрүнүштөр.
Кыястын көзүнө жаш келбей, какшыган кудуктай купкургак болуп турса, тоолордо жакын арада эрибестей болуп кар жатат. Эл Кыястын таянесин жерге берип, акыркы сапарга узатып жатса асманда газала сайрайт. Мындай антиномиялык карама-каршылыктар аңгемеде биртоп.
Шаардагы айылдыктын арманы
“Байчечек” ангемесинин поэтикасын белгилүү адабиятчы Абдыкерим Муратов так сыпаттаган.
Абдыкерим Муратов. 25.11.2010.
Абдыкерим Муратов. 25.11.2010.
А.Муратовдун ырасташынча:
“Мына ушул аңгеме бир карасаң, жалпы эле өткөн кылымдын кайсыл бир жылдарында айылда туулуп, анан шаарга кеткен зыялы сөрөйлөрдүн жана аларды узатып ийип кыштакта калган энелердин ички муңу, ал эле эмес трагедиясы сыяктанат, ошол муун - баарыбыз эле билинбей тамырыбыздан ажырап, же шаарлык эмес, же кыштактык эмес орто жолдо калбадыкпы. Муну ар ким алынын келишинче жазды, айтты, бирок Гапаровчо таасирдүү, таамай айткандарды мен кыргыз адабиятынын башка учурата албадым”.
Абдыкерим Муратов атайын белгилеп жаткан таасирдүү, таамай айтуунун сыры кайда?
Мурза Гапаров адабий билим, эрудициясы терең, көркөм сөздүн идеялык-эстетикалык милдетин кылдат туюнган сүрөткер болчу. Ал айрым калемдештерине окшоп социализм заманындагы өтүмдүү делген темаларга, актуалдуу эсептелген проблемаларга чарпылбай, кыялкеч жаш адамдын романтикалуу дүйнөсүн авансценага алып чыгууну жактырчу.
Ошондон анын каармандары жомоктогудай жашоону эңсеп тоого кетип, чөлгө түшүп, басса-турса адамдарга жакшылык гана каалап, жупуну бирок рухий бай жашоого умтулушчу.
Кеп болуп аткан аңгемедеги Кыяс андай кыялкеч каармандарга анчалык коошо бербеген, шаар турмушунун айлампасына биротоло берилип, айыл менен кем каттоо болуп калган жан.
Жөнөкөйлүктүн татаалдыгы
Ар кандай гениалдуу чыгармалардай эле “Байчечек” аңгемесинин сюжети деле жөнөкөй. Кыяс илимий ишин аяктап, жакын арада жактайын деп турганда капыс кабар алат. Айла жок аспирант иштерин таштап алыскы айылына, Ноокатка жөнөйт.
Келсе таянеси бир күн мурда эле өлүп, туугандары Кыястын келишин гана күтүп калышкан экен. Кыяс канчалык өкүрсө да көзүнөн жаш чыкпайт. Кемпирди көөмп келишкенден кийин айылында көпкө турбай Кыяс шаарга кайтат.
Жолдо учакта келатканда чөнтөгүндө унутулуп калган мүрзөдөн таап салып койгон байчечекейди көрүп, өткөндү, таянесин эстеп көзүнө жаш келип, ичтеги бугун чыгарат.
“Ал өзүнүн ушул акыбалга келгенине жаны ачыды. Өзүнө өзү аянычтуу көрүндү. Өзүнө өзү боору ооруду. Кокусунан, анын көзүнө кылгырып жаш келе түштү. Жашы сыгылып тышка чыкты. Бетинен ылдый жылжып ага баштады...

Кыяз көпкө чейин ыйлады. Ыйлаган сайын, көкүрөгү жибип, ичиндеги бугу чыгып, өзүн жеңил сезип атты. Үч күнү зарыктырып келген бул көз жашка ал абдан сүйүнүп кетти. Какшыган кудугу жибип ийип, ага кайрадан суу пайда болуп келатты.

Демек, али кеч эмес экен...” - деп аңгеме аякталат.
Кыястын айылдан алыстаганына он сегиз жыл болгону чыгармада эки ирет эскертилет. Ошо Кыяс шаарга кеткенде айылда калган агасынын уулу эрезеге жетип, таянесинин өлүмүнө чындап күйүп, мүрзө башында көз жашын тыя албай турат. Шаардык болуп калган Кыяс анын чын дилден жаш төгүп, чындап кайгырганына суктанат.
Жазуучу каарманынын аракет-кыймылын шарттап турган мезгил-мейкиндик параметрлерге өзгөчө басым коёт. Кыяс бала кезиндеги көнүмүштөн чыгып, башка шарт, башка турмушка аралашып, өзгөрүлүп кеткен. А бирок ал үчүн таянеси өзгөчө адам, неберелеринин арасынан ал Кыясты баарынан жакын көрчү.
Мына ушул деталда кайсы бир деңгээлде автордун өзүнүн өмүр баянынын айрым белгилери байкаларын айта кетиш эп. Алым Токтомушев менен маектеринин биринде Мурза Гапаровдун таятасы корбашы, таянеси мээримдүү жакшы адам болгонун атайын белгилеген жайы бар («Апам каза болгондо мен үч-төрт жашта болсом керек… Бизди таенебиз чоңойтту. Менин «биринчи университетим» ошо киши болду да. Салттуу, нарктуу, эски замандын кишилеринен эле. Бизди эрке жетим кылып өстүрдү.»)
Телефон жана аэропорт
Аңгемеде тынбай чырылдаган телефон менен күнү-түнү учактары учуп-конуп турган аэропорттун күрүлдөгү ыктуу психологиялык деталь катары колдонулган. Көнүмүш күндөлүк турмуштагы нерселер конкрет турмуштук шартта жаман кабардын жарчысы, капыс келген жамандыктын кабарчысы катары чыгат.
Аңгеме тынбай чырылдаган телефон менен башталып, сюжеттин жыйынтыкталышы учактагы ый менен аяктайт.
Мелис Абакиров. 23.3.2017.
Мелис Абакиров. 23.3.2017.
Жазуучунун психологиялык деталдарга өзгөчө тактыгын Мелис Абакиров мындайча сыпаттайт:
- Түндүн бир оокумунда телефон шыңгырап атса, уйкусурап атса, эмне экен деп атса, бул өзү аңгемени түзүүнүн психологиялык аспекти окуя башкача болорунан кабар берип турат. Эмне үчүн телефон түн ортосунда шыңгырайт, эмне үчүн кайра-кайра уйкуну бузат?Телефондун шыңгыры жөн эмес, бул кабар келгендин, жамандыктын белгиси, анан ал белги шыңгырап турат, жөн белги эмес сигнал. Мээге уруп турган белги. Бул өзү Мурза акенин художник катарында ушул учурду кантип берүүнүн психологиялык жолун тапкан. Муну чебер адабиятчы, жазуучу гана түшүнө алат.
Мурза Гапаровдун чебер стилистиги мына ушул эпизоддон эле көрүнөт.
“Телефон шыңгырап атты...
Кыяз анын үнүн көпкө угуп жатып, араң ойгонду.


Үйдүн ичи караңгы. Кайсы маал экени билинбейт: кечпи, түн ортосубу, таңга жуукпу. Аэропорттон самолёттордун гүрүлдөгөнү угулат. Бирок алар күнү-түнү учуп турушат да...”
Айыл менен шаардын почточусу
Почточу Жолдош аке Кыяс менен айылдаштарынын, каармандын өткөнү менен бүгүнкүсүн байланыштырган көпүрө катары кызмат өтөйт. Жолдош аке Кыяска телефондон келишин улам-улам бекер табыштабаптыр.
“- Келдиңби, үка? – деди почточу, Кыязга нары-бери колун берип. 

- Эми мен эмне кылайын? – деп сурады Кыяз андан, башка кеп-сөзгө келбей туруп.

Ал дароо өзүн жоготуп койду. Бирок күйүттөн эмес, күйүттү али сезе
элек, жөн гана өзүнүн жаңы акыбалынан шаштысы кетип калды. Жашы отуз бешке келип, ал эми өлүм-житим дегенди башынан өткөрө элек болчу, а бул жерде таэнеси өлүп жатат. Тигинде бир айылдын эли аны жабалактап карап турат. Эмне кылышы керек?

- Ыйлап мени ээрчи, - деди почточу.

Кыяз ээрчирин ээрчиди. Бирок ыйга даяр эмес эле. Ал өмүрүндө өзгөгө ыйлап көрбөгөн жан. Тигил турган элден сүрдөп, баштагандан тартынып, шыпылдаган почточунун артынан шыпылдап басып кете берди. 

- Өкүр, өкүрбөйсүңбү! – деп шыбырады почточу, ага кыйгач кайрылып. Анын сөздөрү жемеге окшоп угулду.

Кыяз бар тобокелге салып:

- Энем-ой, энем-ой, - деп кирди.

Бул сөздөрдү ал жөн гана сүйлөп койбостон, ыйга мүнөздүү обонго салып, созуп муңдуу кылып айтып атты. Бирок көзүнө жаш келген жок. Шондуктан, курган көздөрүн элден жашырыш үчүн, плащынын чөнтөгүнө колун салып, жүз аарчысын издей баштады. Кол салган чөнтөгүндө жүзаарчысы жок болуп чыкты. Ушул тапта, анын оюн түшүндүбү, кимдир бирөө чуркап келип, колунан портфелин ала койду. Кыяз бошой түшкөн колу менен башка чөнтөгүнөн жүз аарчысын таап, көздөрүнө тутту...”


Элеттик нукура турмуштан алыстоонун азабына туш келген Кыяс учакта “көкүрөгү букка толуп, көңүлү чөгүп баратты. Ушул тапта ал бир нерсе ичкиси келди. Бирок ичерине эчтеке жок эле. Чылым чеккиси келип, чөнтөгүнө колун сунду. Бирок сигарет ордуна, колуна бир жумшак, муздак нерсе урунду. Алып караса, баягы байчечек экен. Байчечек соолуп калыптыр. Кыяз аны ары-бери кармалап, селейип отуруп калды”.
Соолуган байчечекей Кыястын соолуп бараткан сезимин козгоп, буга чейин жакын адамынан айрылуу кандай экенин билбеген каармандын кайгысына жол ачып, адамдык нарк-насили биротоло жоголбогонун көрсөттү.
Муну Мурза Гапаров ишенимдүү психологиялык деталдар аркылуу кемелине келтирип сүрөттөп берген.

Бекташ Шамшиев

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, учурда Ноокат райондук ооруканасын жетекчиси Асамидин Марипов эки баланы бир топ жылдан бери кулчулукта кармап келген. Бул тууралуу маалымат жыйынында Оштун тургуну Райкан Салиева билдирди.
Айтымында, Асамидин Мариповдун уулу Эсептөө палатасынын жетекчиси Улукбек Марипов атасына мал караганга жардамчы керектигин тааныштарына айткан. Натыйжада Салиеванын 2 небересин келини Ноокатка жумушка иштөөгө жөнөтүп жиберген.
Ошондой эле Райкан Салиева Мариповдун үй-бүлөсү үй, паспорт алып берерин айтып, аларды окутуп, андан сырткары 5 миң сом айлык бермекчи болгонун айтты.
“Күндүзү мал каратып, түнкүсүн картошка сугарышчу экен, 17 жаштагы балама 20 уй саадырат экен. Кышкысын эл уктап жатканда кар күрөтүшчү экен. 2,5 жыл бир байпак алып бергенге жарашпаптыр. Врач болуп алып күрөк менен чапкан күндөрү болуптур. Атасы жок жетимдерди алып барып бир сом беришпептир”,-деди ал.
Ошондой эле Райкан Салиева неберелеринин укуктары тебеленгенин билдирип, алар мал сарайда түнөп жүрүшкөнүн кошумчалады.
“Сасып, биттеп, котур болуп кетишиптир”,-деди ал.

Нурдинов Жоомарт Амадалиевич   Ноокат шаарынын мэри болуп шайланды. Бул  жөнүндө борбордук шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын 3-июлунда №194 токтому чыкты.

Эскерте кетсек: 30-июнда Ноокат шаарына мэри кызматына шайлоо болуп, анда Нурдинов Жоомарт Амадалиевич жалгыз талапкер болуп катталган.

Нурдинов Жоомарт Амадалиевич - 1978 жылдын 22-апрелинде Ноокат районунун Караташ айыл аймагынын Караташ айылында туулган.
Билими: жогорку
Үй-булөлүү, эки кыздын атасы.
Буга чейин Ноокат шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментин жетектеп келген.

Ош областынын Ноокат районундагы Кыргыз-Ата айыл аймагынын башчысы Бакытбек Марипов 1-июнда өткөн жыйында айыл аймактагы 1200 жаңы үйлөнгөн жаш үй-бүлөлөргө турак-жай салуу үчүн 300 гектар жер бөлүп берээрин билдирди.

Бакытбек Мариповдун айтымында, бул үчүн учурда ага тийешелуу иш кагаздары даярдылып жатат.

Аталган көйгөй 13 жылдан бери чечилбей келген болчу.

Белгилей кетсек, элет жеринде эл менен жакындан иштешип, ишбилги катары мыкты иш алып баргандыгы жана айыл аймагынын бюджетин бир нече эсеге чейин көтөрүүгө жетишкендиги үчүн 2016-жыл жыйынтыгы боюнча Бакытбек Марипов “INTER.KG” маалымат порталы тарабынан "Жылдын мыкты жетекчиси" номинациясы менен сыйланган.

"Inter.kg"

Author Name

Форма для связи

Имя

Электронная почта *

Сообщение *

Технологии Blogger.